Көрнекті жазушы, ғибратты ғалым, ұлағатты ұстаз – ҚР Ұлттық Ғылым академиясының академигі, Қазақстанның халық жазушысы, Мемлекеттік сыйлықтың лауреаты Зейнолла Қабдоловтың туғанына 85 жыл толуына орай шығарылған естеліктер, эсселер және шығармашылық портреттер жинағының жалғасы, басы осында
Абдылдажан АКМАТАЛИЕВ
“Мен сапарга жалгыз жол тартыптырмын” – деген атактуу башкурт акыны Мустай Каримдин ырынын бул сабын өзүмдүн тагдырыма байланыштуу ар дайым айтып келем. Себеп дегенде өмүр жолунда улуу инсан чыгармачыл адамдар менен таанышып, кат алышып, кээ бири менен үй-бүлөлүк карым-катышта болдум. Алсак, Кыргызстанда – Чыңгыз Айтматов, Өзбекстанда – Зулфия, Мирмухсан, Адыл Якубов, Камиль Яшан, Каракалпакстанда – Түлепберген Каипбергенов, Түркмөнстанда Берди Кербебаев, Керим Курбанепесов, Азербайжанда Анар. Ал эми Казакстанда болсо санак жетпейт. Ошентсе да алар – Абдижамал Нурпеисов, Олжас Сулейманов, Заки Ахметов, Мухамеджан Каратаев, Калтай Мухамеджанов, Серик Киребаев, Сеит Каскабасов, Рахманкул Бердибаев, Оролхан Бокеев, Турсунбек Какишев, Мухтар Шаханов деп тизме уланып кете берет. А мен сөз кыла турган үлкөн Адам Зейнулла Кабдолов. Мен анын атак-даңкын айтпай эле койсом болот, казак-кыргыз окурмандары жакшы билет. Зейнулла аганын Чыңгыз Айтматов менен достугу, кыргыз окумуштууларын тарбиялоодогу ролу жөнүндө макала жаздым, кыргыз-казак адабий байланыштары жөнүндө илимий конференцияларда жана Кабдоловдук окууларда бир топ эле докладдарды жасадым. Ошентсе да Зейнулла ага жөнүндө дагы бир жолу айткым келди, бул саам экөөбүздүн жеке чыгармачылык жана үй-бүлөлүк алака тууралуу азыноолак сөз болмокчу.
1979-жылдын октябрь айынын аягында илимий командировкага Алма-Атага бармай болуп, алдын ала кимдер менен жолугуша турганымды тактадым. “СССР Жазуучулар Союзунун маалыматы” деген калың китепти таап алдым. Казак акын-жазуучуларын, адабиятчыларын иргеп жаздым. Алардын арасынан Зейнулла Кабдоловдун дарегин да алдым. Алма-Атага биринчи барышым, кыш болуп калгандыктан күн кыска эле, саат бештерде эле караңгы түшүп калды. Казак илимдер академиясынын кызматкерлеринин жардамы менен мейманканага орноштум да дароо ишке киришип, телефонду бурай баштадым. Саат түнкү он болгонуна карабастан Зейнулла Кабдоловдун үйүнө телефон чалдым. Саламдашкандан кийин эле билип-көрүп жүргөндөй, эски тааныштай сүйлөшө кеттик. Дароо эле Зейнулла аганын айкөлдүгү, кең пейилдиги, жөнөкөйлүгү, жан дүйнөсүнүн тазалыгы, ак пейилдиги билинди. Алма-Атага келгендеги максатымды угары менен эртеси күнгө Казак университетине жолугушууга чакырды. Барсам, профессор лекция окуп жатыптыр, мени дароо киргизип, студенттер менен тааныштырып, дүйнөлүк жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жердеши жана анын жаңыдан баштаган изилдөөчүсү катары лекцияны улантуумду суранды. Лекция суроолор менен коштолуп, кызыктуу өттү. Лекциянын аягында Зейнулла ага бир кызыктуу фактыны айтып берди. Көрсө, “Кызыл алма” аңгемесинин жазылышына Зейнулла себепкер болуптур. Чыңгыз Айтматовдун бул аңгемеси жарык көргөндө “Зейнулла Кабдоловго арнайм” деп эпиграф койгон экен. Мен Айтматов менен таанышканга чейин Зейнулла агай менен таанышкам. Айтматовдун “Кызыл алмасы” бизди аябай жакындатып салды. Лекциядан кийин үйүнө ээрчитип барды, үйү университетке жакын экен. Жолдо Казакстан Жазуучулар Союзуна кайрылдык. “Казак адабияты”, “Жылдыз” редакцияларына баш бактык. Зейнулла ага жетине албай мени казак калемгерлери менен тааныштырып жатты. Кийин алар менен достошуп кеттим. Үйүнө келсек жолдошу Сауле апа жаркын маанай менен тосуп алды. Көп конокту күткөндөй жайыл дасторкон экен. Казак, кыргыздын салты меймандарды тосуу жагынан башкалардан абдан айырмаланат эмеспи! Бир заматта мен мейман эмес эле, алардын үй-бүлөсүнүн бир мүчөсү болуп калдым. Зейнулла аганын камкордугу менен алгачкы командировкам ийгиликтүү болду. Ошентип, кийин Алма-Атага сапар алган сайын Зейнулла аганын үйүнөн бир чыны чай ичпей кетпей калдым.
Илимий эмгектин жыйынтыгы чыгып, “Ч.Айтматов жана кыргыз-казак адабий байланышы” деген монографиям “Илим” басмасынан чыкмай болду. Ал мезгилдин тартиби боюнча бир рецензент сырттан болушу керек эле. Илимий жетекчим, институттун директору Абдыкадыр Садыков агай менен кеңешип, китепке рецензент кылдык. Кол жазманы почта аркылуу салып жибердик. Абдыкадыр агай менен Зейнулла аганын достугунун башаты менин китебимден башталган. Көп күттүрбөй рецензия да келди. Мыйзам боюнча рецензентке гонорар төлөнүп берилди, почта менен жөнөтүлдү. Зейнулла ага мага алакандай кагазга кат жолдоптур. Анда гонорар алганына ыңгайсыз болгондугун жазыптыр. Анан кат алышып, майрамдарда открытка менен куттуктоо жиберип турдук. Эки-үч күндө телефон аркылуу кабарлашып, ал-жайды сурап дегендей. Мен кандидаттык диссертацияны жактаганда “Кыргыз-казак адабий байланышын өнүктүрүүдө Чыңгыз Айтматовдун ролу” деген темада пикир уюштуруп берди. Кызуу куттуктады.
Үй-бүлөлүү болгонумду сүйүнүч менен кабыл алды. Апамдын, жолдошум Дилинин ал-абалын сурап турду. Балалуу болуп, ысмын Чыңгыз Айтматов “Эльтуран” деп койгондо абдан сүйүндү. Эльтуранды дайыма сурап турду.
Кыргыз окумуштууларына Зейнулла ага жардам берүүгө шарт түздүм десем болот. Эң биринчи 1989-жылы Советбек Байгазиевди ээрчитип жай айында Зейнулла агайдыкына бардым. Илимий жетекчиси Абдыкадыр Садыковдун макулдугун алып, Зейнулла агайды Советбек Байгазиевге биринчи оппонент кылып дайындаткан элек. Сакем экөөбүздү Сауле апа меймандап, жакшы тилектерди билдирди. Кийин С.Байгазиев диссертациясын коргогондо Зейнулла Ага, Абдыкадыр агай жана Сауле апа кыргыздын жайлоосунда эс алышып, үй-бүлөлүк достукту бекемдешкен.
Мезгил деген канаттуу куштай. Ана-мына дегенче, көз ачып-жумганча убакыт зуулдап өтүп, мен докторлук диссертациямды жактаганы калдым. Эсимде 1990-жылы 7-ноябрда адаттагыдай эле Зейнулла ага менен Сауле апаны Октябрь майрамы менен куттуктап калдым. Ошондо Зейнулла ага агалык кылып, мага диссертацияма тоскоолдук кыла турган айрым пенделер бар экендигин билдирди. Мен күтпөгөн кабар эле. Көрсө, айрымдар Алма-Атага барганда Зейнулла агага жолугушуп, менин диссертацияма барбашын өтүнүшүптүр. Мен дендароо боло түштүм. Бирок, бир мүнөттөн кийин эсиме келип, “Зейнулла ага! Сиз эгер бирөөнүн үйүнө чакырса барасызбы, барбайсызбы, өзүңүз билесиз. Ал эми Сиз диссертациялык Советтин мүчөсү катары келишиңиз керек. Бул – мамлекеттик иш” – дедим. Зейнулла ага менин ички жан дүйнөмдү түшүнүп турганын дароо сездим жана ал мага “15-ноябрда машина жибергин барам” – деди. Айткан күнү Алма-Атадан Зейнулла ага, Заки Ахметович, Турсунбек Какишевдер Бишкекке келип түшүштү. Докторлук диссертация коргоо оңой эмес болчу ал – 1990-жылдар учурунда. Советтер Союзу мамлекет катары жашап турган. Казак (З.Кабдолов, З.Ахметов, Т.Какишев), тажик (доктор А.Сайфуллаев), орус (М.Озмитель), өзбек (П.Шермухамедов), кыргыз (Ч.Жолдошева), дагестан (З.Османова) окумуштууларынын ж.б. эң жакшы берген илимий баалары менен илимий максатыма жетип – илимдин доктору болдум. Зейнулла ага сөзмөр, чечен адам эле, ар улуттан келген меймандарды чай үстүндө башкарып, сөз берип, күлдүрүп отурганы азыр да көз алдымда. Ал сүйлөгөндө сөздүн ширинин, жагымдуусун тандап алчу, ар бир адамдын жүрөгүн күн нурундай жылытчу. Баарыбыз жымжырттыкта студент катары мемиреп укчубуз.
Зейнулла ага мен башкарган диссертациялык советтин мүчөсү катары активдүү катышып турду. ал оппонент катары, же кошумча колдоо катары сүйлөгөндө жамгыр төккөндөй токтобой, диссертациялык иштин маани-маңызын аңтарып, бардыгына түшүнүктүү кылып айтып берээр эле. Зейнулла ага бардыгын ынандырчу, айрым терс пикир айткандарды этияттык, маданияттуулук менен жибитип жиберген касиети да бар эле. Ал адамдын айкөлдүгүнө кең пейилдигине баарыбыз тамшанчубуз. Ошону менен баары даай албаган сүрү да бар болчу. Бирок ал сүр бат эле пикир алышканда булут тарагандай тарап кетчү. Зейнулла ага жаштардын баарын “Айланайын” деп эркелетчү. Бул сөздү жөн эле айта берчү эмес, жан дүйнөсүнөн чыгарып, таза дилинен айтчу. Канчалык жашы өйдө болсо да кичи пейилдик, жөнөкөйлүк мүнөзү менен тартынбай, ачык-айкын, кеңири сүйлөшүүгө өзү шарт түзчү.
Зейнулла агайды Заки Ахметович, Лейла Ауэзова менен бирдикте 1992-жылы Эл аралык Айтматов клубунун сыйлыгын маркум Мухтар Ауэзовго тапшыруу учурунда чакырып калдым. Кийин Чолпон-Ата шаарына Мухтар Ауэзовдун 85 жылдыгына карата өткөрүлгөн тегерек столго катышуусун өтүндүм. Бул өтүнүчүмдү кабыл алып, алтындай убактысын бөлүп, биз менен чогуу болду. Ала-Тоонун бермети Ысык-Көлгө түшүп, эс алып, черибизди жаздык. Казак тараптан Заки Ахметович, улуттук китепкананын директору, кыргыз тараптан Абдыкадыр Садыков, Лайли Үкүбаева болду. Ыр-күлкүнү айтпа! Зейнулла аганын адамдык касиеттери ачыла берди...
Зейнулла аганын алтымыш жылдык мааракеси болгондо мен Чыңгыз агайга барып, мааракени айтып калдым. Ал киши дароо мага куттуктоо сөзүн жаздырып, өкмөттүк телеграмма салып жиберүүмдү өтүндү. Мен тапшырманы аткардым. Анда жылуу сөздөр жазылган эле. Кийин Зейнулла агага билдирсем, “Ырас кылбадыңбы, көптөн бери Чыңгыз менен байланыша элекмин” – деген.
90-жылдардын башында Чыңгыз Айтматовго Казак Республикасынын Президенти Н.А.Назарбаев сыйлык тапшырып калды. Биз Алма-Атага чогуу бардык. Бизди А.Кекилбаев, К.Султанов сыяктуу мамлекеттик ишмерлер тосуп алды. Кечинде болсо бир ресторанга алып барышып мейман кылышты. Арасында Зейнулла Кабдолов, А.Нурпеисов жүрөт. Зейнулла ага менен Чыңгыз ага чер жазышып баарлашты, көптөн бери көрүшпөгөн достордун ынак экендиктерин өз көзүм менен көрдүм.
Зейнулла Кабдоловго “Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер”, “Эл аралык Айтматов академиясынын академиги” деген атактар берилди. Биз чын жүрөктөн куттуктап жаттык.
Мен Алма-Атага, Зейнулла ага Бишкекке көп каттады. Жыйындарда, конференцияларда, тойлордо көп эле бирге болдук. Бирок, бир өкүнүчтүүсү Зейнулла ага, Сауле апа менен бирге сүрөткө түшүп койбопбуз. Дайыма чогуу болчудай жүрө берипбиз. Зейнулла аганы ар дайым көз алдыма тартып келем, керек болсо уктаардын алдында маркумду бир эскерип алам. Бул тирүүлүктүн парзы...
Жалғасы бар...